Милиция кызматкерине карата зомбулук көрсөткөн жарандарга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды
2025-жылдын 5-апрелинде болжол менен саат 22:00 чамасында Ош шаарынын Амир-Темир жана Ферганская көчөлөрүнүн кесилишинде “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаада спирттик ичимдик ичип, коомдук тартипти бузуп жаткан жарандар тууралуу маалымат Ош шаардык ИИБге келип түшкөн.
Кызматтык милдетин аткарып барган милиция кызматкерлери Мурадыл Исраилов жана Кутман Калилов тарабынан спирт ичип отурган жарандар — С.Н. жана Б.М.кармалып, наркология бөлүмүнө жеткирилген. Жеткирүү учурунда жарандар каршылык көрсөтүп, алардын бири М.Исраиловго зомбулук көрсөтүп, бетке муштап, кызматтык кийимин айрып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн.
Окуянын жыйынтыгында кызматкер М.Исраилов жабык баш мээ жаракатын алып, медициналык экспертизанын корутундусу менен жеңил жаракат алган деп табылды.
Бул факты боюнча С. Н. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (бейбаштык, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү менен) боюнча кылмыш иши козголуп, 2025-жылдын 30-апрелинде ага айып угузулду.
Ош шаардык сотунун чечими менен С.Н. жана Б.М аттуу жарандар 14-майга чейин камакка алынды.
