
Ашуулардагы абал: Төө-Ашуу менен Өтмөктө оор жүк ташуучу унааларга чектөө бар
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы өлкө ашууларындагы абал боюнча учкай маалымат таратты.
Ведомствонун билдирүүсүнө таянсак, аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда (60-чакырымы) 08:30дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди.
Азыркы тапта аймакты караган №36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, Сосновка постунда буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек.
Кыргызстандын башка ашууларында да жааган кар жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Каттам бар.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып алууга чакырат.