Улуу Жеңишке 80 жыл: ӨКМ 98 жаштагы согуш ардагерине камкордук белегин тапшырды
1 май

Улуу Жеңишке 80 жыл: ӨКМ 98 жаштагы согуш ардагерине камкордук белегин тапшырды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Окуу-изилдөө борборунун кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 98 жаштагы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын тургуну Межуев Семен Николаевичке кезектеги белегин берип кайтышты.

9-май – Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракесин утурлай ӨКМдин алдындагы Окуу-изилдөө борборунун жетекчисинин орун басары, подполковник И.О. Ибраимов жана окуу бөлүмүнүн башчысы, подполковник М.У. Иргебаев ардагерден кабар алып, борбордун атынан жер-жемиш таттууларын жана акчалай белегин тапшырышты.

Маалымат катары айта кетсек, Межуев Семен Николаевич 1923-жылы туулган. 1942-жылы Аламүдүн РВК тарабынан фронтко чакырылып, 1942-жылдан 1949-жылга чейин Түркстанда Афганистан чек арасында кызмат өтөп, 1949-жылдын мартында запаска бошотулган. 1946-жылы КПССтин мүчөсү, Ленин атындагы колхоздо 1965-жылга чейин иштеп, ошол жылдын август айында МСУ-3 Фрунзепромстройго кампачы болуп кабыл алынган жана башка бир катар кызматтарды аркалаган. 3 баласы, 5 небереси, 8 чөбөрөсү бар.

Ардагер “Германияны жеңгендиги үчүн” медалы, “Эмгек ардагери” медалы, “Кыргыз Республикасынын 25 жылдыгы” юбилейлик медалы, “1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы” жана бир катар юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Белгилей кетсек, аталган борбордун өздүк курамы согуш ардагерин камкордукка алып, жыл сайын тийиштүү жардамдарын берип турушат.