Бишкекте фонтандардын сезону ачылды
Бишкекте бүгүн, 1-майда расмий түрдө фонтандардын сезону ачылды, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында 17 фонтан комплекси бар. Алар күн сайын саат 09:00дөн 21:00гө чейин атат. Ал эми саат 13:00дөн 16:00гө чейинки аралыкта техникалык тыныгуу болушу ыктымал.
