сүрөт: depositphotos.com
23 сентябрь
Кыргызстандагы сасык тумоо боюнча эпидабал — ооругандардын көбү 14 жашка чейинки балдар
Кыргызстанда 2026-жылдын 12-18-сентябрына чейинки аралыкта курч вирустук инфекциялык вирустун 4 366 учуру катталган.
Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 59,5 учурду түздү.
Оорунун деңгээли өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө дээрлик туура келет. Тактап айтканда, 2025-жылдын 38-жумасында КРВИнин 4 298 учуру катталып, оорунун көрсөткүчү 100 миң калкка 59,57 учурду түзгөн.
Ооругандардын жалпы санынын 74,2 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзөт.
