Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 4,3 чакырымы асфальтталды
Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнүн 4,3 чакырымы асфальтталып бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө калган тилкеге асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери кызуу уланып жатат.
Жеринде 70 техника жана 100дөн ашык кызматкер иш алып барууда.
Аны менен катар тротуар, бордюрларын куруу жана жарыктандыруу мамычаларын орнотууга даярдык иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, 4 тилкеден турган жолдун ар бир тилкеси 3,5 метр болуп, жалпы унаа жүрүүчү бөлүктүн туурасы 14 метрди түзөт. Тротуардын кеңдиги 2,25 метр.
Ал эми Ж. Шералиев көчөсүндө тротуарды асфальттоо иштери аяктады.
Эске салсак, Ленин көчөсүнүн узундугу 9 чакырымдан ашык, ал эми Ж.Шералиев көчөсү 2,3 км түзөт.
