Баткенде жер титирөө катталды
Баткен облусунда жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 20-ноябрда саат 10:10до Кыргызстандын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында 2.5 баллга (Коргон айылынан 28 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 70 чакырым түштүктө) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
