Бишкектин бир бөлүгүндө 9-апрелде ичүүчү суу болбойт. Карта
Бишкектин бир бөлүгүндө 9-апрелде саат 10:00дөн 22:00гө чейин ичүүчү суу болбойт, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Өчүрүү аймагы Ч.Айтматов пр. – Миңжылкиев көч. – Т. Сагындыков көч. - А. Масалиев пр. менен чектешет.
Суу диаметри 300 мм болгон шаардык суу түтүктөрүн оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" МИси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууларын суранат.

