Ошто окуучулар шаурмага ууланды
10 октябрь

Ошто окуучулар шаурмага ууланды

Ошто №14 Каныбек Алтыбаев атындагы мектептин окуучулары арасында массалык уулануу фактысы катталды. Окуя 8-октябрда болгон.

7-класстын жети окуучусу мектептин жанындагы күркөдөн сэндвич жана чалап алгандан кийин уулануу белгиси менен ооруканага жаткырылган. 

Дене тарбия сабагы маалында окуучу кыздардын ичи катуу ооруп, кусуп баштаган. Алардын ичинен бешөө реанимацияга жаткырылган. 

Учурда жабыркагандардын абалы туруктуу, бир окуучу кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Жеринде текшерүү иштери жүрүп, протокол толтурулган соң күркөнүн ээсине санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 23 миң сом өлчөмүнө айып салынган.

Күркө убактылуу жабылып, санитардык көрсөтмөлөр берилди. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы жана билим берүү башкармалыгы окуучулар жана ата-энелер менен профилактикалык жана тарбиялык иштерди жүргүзүүдө.