Сокулук райондук милиция кызматкерлери алдамчылык фактысына шектелген жаранды кармашты
10 октябрь

Сокулук райондук милиция кызматкерлери алдамчылык фактысына шектелген жаранды кармашты

2025-жылдын 1-май күнү Сокулук РИИБге арыз менен 1986-жылы туулган А.М., аттуу жаран кайрылып, ал арызында, 2025-жылдын март айында Сокулук районунун Кожомкул айылында, К.А. атту жаран ага тийиштүү «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаасын 600 000 сомго баалап, анын ишенимине кирип, алдоо жолу менен акчаны эки күндө беремин деп, акчасын төлөбөстөн үчүнчү жактарга сатып жиберип, андан соң изин жашырып кеткенин айтып, ага мыйзам чегинде чара көрүнү суранган.

Аталган факты каттого алынып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган К.А. аттуу жарандын жүргөн жерин аныкташып, крмап райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Ага айыбы угузулуп, аймактан чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүдө.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы кармалган К.А. атту жарандын колунан жапа чеккендерди Сокулук РИИБине же 0312 60-75-67 же 03134 5-33-80 (нөөмөт бөлүм) телефондору аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөт.