Нарын – Орук-Там жолуна кар көчкү түштү
Нарын облусунун Нарын районунда алдын ала маалымат боюнча, 7-апрелде саат 15:30 чамасында Нарын – Орук-Там унаа жолунун болжол менен 60-чакырымында кар көчкү түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМден кабарлашкандай, кар көчкүнү тазалоого жергиликтүү №8 жол тейлөө ишканасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн.
Бактыга жараша табигый кубулуштан жабыркагандар жок.
Белгилей кетсек, жергиликтүү тургундар Орук-Там жана Эки-Нарын айылдарына башка каттамдар аркылуу каттай алышат. Кар көчкүнү тазалоонун жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.
