ЖКда этникалык кыргыздардын маселеси көтөрүлдү: Өзбекстан менен Тажикстан сурамжылоого бир жылдай убакытта жооп берет
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлжан Сатиева Өзбекстан жана Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыздар бир катар көйгөйлөргө дуушар болуп жатканын айтты.
Ал белгилегендей, ага Москва районундагы Сретенка айылынын тургундары кайрылышкан.
“Коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга көчүп келип, кыргыз жарандыгын алган этникалык кыргыздар көп жылдан бери жашап жана иштеп жатышат. Бирок көп жылдан бери алар эки олуттуу маселе менен жашашууда. Өзбекстан жана Тажикстанда калган туугандарына барууда же башка иш менен аталган өлкөлөргө барганда, Өзбекстандын тийиштүү органдары аларды каттоого алышпайт экен. Анан ири айыппулдарды салышат. Мунун баарын алар Өзбекстандын жарандыгынан чыгуу учурунда тийиштүү төлөм төлөбөгөнүнө же процедураны толук аякташпаганына байланыштырышат”, - деди депутат.
Сатиева Тышкы иштер министрлигине кайрылып, бул маселени изилдөөнү жана чечүү жолун табууну суранды.
Ал эми экинчи маселе, депутаттын айтымында, этникалык кыргыздардын эрезеге жеткен балдары паспорт алууга келгенде ыйгарым укуктуу органдар Өзбекстан менен Тажикстанга бул өлкөлөрдө арыз берүүчүнүн жарандыгы бары-жогун тактоо үчүн сурамжылоо жиберишет.
“Аталган өлкөлөр жооп бергенден кийин гана бала кыргыз паспортун ала алат. Бирок мындай сурамжылоолорго жооп алты айдан 1 жылга чейинки убакытта келет. Анын айынан адамдар узак убакыт документсиз жүрүшөт”, - деди депутат.
