
Садыр Жапаров Астанага иш сапары менен барат
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2025-жылдын 17-июнунда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча «Борбор Азия - Кытай» экинчи саммитинин ишине катышуу үчүн Астана шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Саммитке Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын катышуусу мерчемделүүдө.
Саммит Борбор Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелеринин бардык спектри боюнча пикир алмашуу максатын көздөйт.
Иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен да жолугушуу өткөрөт.