Ирак Республикасынан Мекенине кайтарылган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Ирак Республикасында кармалган Кыргыз Республикасынын үч жаранына байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Кармалган жарандардын жакындарынан кайрылуулар келип түшкөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Падышалыгындагы жана Кувейт Мамлекетиндеги Элчиликтери тарабынан Ирак Республикасында жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөн.
Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Падышалыгындагы Элчилигинин кызматкери тарабынан Багдад шаарына консулдук сапар уюштурулган. Ирак Республикасынын компетенттүү органдары менен өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында, 2025-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын үч жараны “Манас” эл аралык аэропортуна аман-эсен кайтып келип, аларды жакындары тосуп алышты.
Министрлик көрсөтүлгөн көмөк үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоо максатында конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүн белгилейт.
