Президент Садыр Жапаровдун X социалдык тармагында расмий баракчасы ачылды
Президент Садыр Жапаровдун X Twitter) социалдык тармагында расмий баракчасы ачылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал мамлекет башчысынын X (Twitter’деги) аккаунту тууралуу "Фейк эмеспи" деген көптөгөн суроолор түшүп жаткандыгын айтты.
"Сиздерге маалымат үчүн билдирип коёлу, президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter’де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат. Twitter — коомчулук жана эл аралык коомчулук менен ыкчам, ачык жана түз байланышуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болуп эсептелет", - деп, Алагөзов ЖМК өкүлдөрүн жана соцтармак колдонуучуларын расмий аккаунтка жазылууга чакырды.
