Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттердин алкагында өз ара өзгөчө кырдаалдарга меджардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү аймак түзүү демилгесин колдоду
Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттердин алкагында өз ара өзгөчө кырдаалдарга медициналык жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүү аймак түзүү демилгесин колдоду. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
Маалыматка ылайык, күн мурун 7-апрелде Казакстандын борбору Астана шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү боюнча кызматташтык тууралуу Меморандумга кол коюу аземи өттү. Бул иш-чара Казакстандын Улуттук тез жардамды координациялоо борборунда өтүп, эми ал өзгөчө кырдаалдарга, пандемияларга жана техногендик кырсыктарга жооп кайтаруу боюнча бирдиктүү аракеттерди координациялоочу борборго айланат.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги бул демилгени толук колдоп, анын бүткүл регион үчүн стратегиялык маанисин белгиледи.
Өз ара аракеттешүүнүн бирдиктүү платформасын түзүү мамлекеттерге заманбап технологияларды бөлүшүүгө, адистерди чогуу даярдоого жана айрыкча жетүүгө кыйын болгон аймактар үчүн санитардык авиациянын потенциалын чыңдоого мүмкүндүк берет.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өз сөзүндө кызматташууну кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:
«Бүгүнкү Меморандумга кол коюу — түрк тилдүү өлкөлөр ортосунда өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү багытындагы тыгыз жана системалуу өз ара аракеттешүүнүн маанилүү кадамы. Тоолуу рельефке жана алыскы аймактарга ээ Кыргызстан тез жана координацияланган тез жардамдын маанисин өзгөчө түшүнөт. Биз бул демилгени толук колдойбуз жана анын өнүгүшүнө өз салымыбызды кошууга даярбыз.
Биз үчүн билим жана технология алмашуу өзгөчө мааниге ээ. Адистерибизди симуляциялык борборлордо окутууга, биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө жана медициналык эвакуациянын натыйжалуу механизмдерин түзүүгө кызыкдарбыз. Мындай кадамдардын аркасында биз жарандардын өмүрүн сактап калууга жана өлкөлөр ортосундагы ишенимди чыңдоого жетишебиз»,.
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия жана Казакстандын өкүлдөрү катышып, медициналык авиация, симуляциялык окутуу, профилдик өзгөчө кырдаал кызматынын уюштурулушу боюнча заманбап чечимдерди сунушташты. Алардын катарында инсульт борборлору, токсикология, акушердик жардам жана башка багыттардагы борборлор да камтылды.
Демилгени өз аймагында кабыл алган Казакстан санитардык авиациянын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды — жыл сайын 2000ден ашуун акысыз рейс жарандардын кызыкчылыгы үчүн аткарылат. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар чек аралар аралык кризистерге даярдык, өз ара жардам көрсөтүү жана заманбап чакырыктарга карата аракеттерди системалаштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Кыргызстан бирдиктүү жооп кайтаруу платформасын түзүү процессине активдүү катышууга даяр экенин билдирип, кадрларды даярдоону күчөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү инфраструктурасын эл аралык стандарттарга ылайык кеңейтүүгө ниеттенүүдө.
Бул демилге түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда коопсуздук, туруктуулук жана калктын саламаттыгын сактоо багытындагы жаңы деңгээлдеги өнөктөштүктү калыптандырууда.
