Ош – Араван – Чек-Абад унаа жолунун 8-34-чакырым аралыгына асфальт төшөлөт 
8 апрель

Ош – Араван – Чек-Абад унаа жолунун 8-34-чакырым аралыгына асфальт төшөлөт 

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев күн мурун,7 -апрелде өлкөнүн түштүгүнө болгон иш сапарынын алкагында Ош – Араван – Чек-Абад унаа жолуна барды. Бул тууралуу ведомсвонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасына аталган жолдун 8-чакырымынан 34-чакырымына чейинки аралыгын асфальт төшөө тапшырмасын койгон министр Абсаттар Сыргабаев курулуш иштерин өз убагында, сапаттуу аткаруу зарылдыгын эскертти.

Белгилей кетсек, Ош – Араван – Чек-Абад жолу көп жылдан бери каралбай келген.

Жол оңдоо жумуштары аяктаса жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт.