Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору алмашты
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, Иминов Фархат Ажмуханбетович КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы кол койгон башка тескемеге ылайык, Талантбек Иманов президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору кызматынан бошотулду
