Талантбек Эдилов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды
27 март

Талантбек Эдилов Базар-Коргон районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 8-беренесине ылайык Эдилов Талантбек Расабекович Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды.