Тилек Текебаев Жалал-Абаддагы бир катар өндүрүштүк ишканаларга барды
27 март

Тилек Текебаев Жалал-Абаддагы бир катар өндүрүштүк ишканаларга барды

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаарындагы бир катар өндүрүштүк ишканаларга барды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, облус башчысы алгач «Келечек» ААКнын минералдык суусундуктарды чыгаруучу заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Бүгүнкү күндө аталган завод өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу боюнча кошумча кеңейтүү иштерин алып барууда. Мындан сырткары мекемеге автоматташтырылган технологиялык жабдыктар орнотулуп, 250 адам жумуш орду менен камсыздалган.

Облус башчысы кыдыруу алкагында шаардагы «Двойняшки» ири кондитердик фабрикасынын жаңыдан курулуп, ачылуу алдында турган ишканасына барды.

Учурда фабрика кеңейтилип, миң адамга чейин жумуш орду менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ишканага заманбап жабдуулар орнотулуп, санитардык эрежелерди сактоо шарттары түзүлгөн.

Ыйгарым укуктуу өкүл жаңы завод-фабрикалардын ишке берилүүсү аймактын социалдык-экономикалык кубаттуулугун жогорулатууга шарт түзөөрүн айтып, жергиликтүү бийлик тарабынан колдоо аракеттери улантылаарын кошумчалады.