Кызыл-Кыя шаардык мэриясына атайын техникалар тапшырылды
КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов Кызыл-Кыя шаарында атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, шаар көчөлөрүн тазалоочу унааны сатып алуу үчүн Баткен облусун өнүктүрүү фондунан 5 млн 214миң сом каржыланып, шаардык бюджеттен 1 млн 340 миң сом бөлүнгөн. Жалпы 6 млн 554 миң сомго сатылып алынды.
Экинчи унаа шаардагы "Золотой квадрат" курулуш компаниясынан белек катары берилди. Ал шаардагы курулуш жана инфраструктуралык жумуштарды аткарууда пайдаланылат.
