Жалал-Абадда автоунаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыкты 
2 декабрь

Жалал-Абадда автоунаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыкты 

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнүн М.Атчабаров көчөсүндө жайгашкан автоунаа оңдоочу жана унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн жалын чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кырсык 1-декабрда болжол менен саат 11:41де катталган. 

Жерине 2 күжүрмөн эсеп тартылып, жалын саат 13:59да толугу менен өчүрүлгөн. 

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.