Чүйдө көмөк чордондордун жабдуулары жаңыланууда
20 ноябрь

Чүйдө көмөк чордондордун жабдуулары жаңыланууда

Чүй электр тармактар ишканасынын көмөк чордондорунда жабдуулар жаңыланууда, деп билдирет Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Капиталдык курулуш иштеринин алкагында Москва районундагы “Ак-Суу” көмөк чордонунда электр линиясынан токту кабыл алуу жана керектөөчүлөргө андан ары бөлүштүрүү кызматын аткарган 6 кВ кубаттуулуктагы бөлүштүрүүчү жабдуу орнотулууда. Орнотуу иштери көмөкчордондор кызматынын Жайыл тобунун энергетиктери тарабынан жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, мындай электр энергиясын бөлүштүрүү кызматын аткарган заманбап жабдуу буга чейин Ысык-Ата районундагы “Ивановка”, Сокулук районундагы “Жаңы-Жер” көмөк чордондорунда орнотулган.

Бул иштер Чүй облусунун жашоочуларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт жана ишенимдүүлүктү жогорулатат.


Маалымат: 110/35/6 кВ "Ак-Суу" көмөкчордону 1988-жылы пайдаланууга берилген. Көмөкчордон Москва районун электр энергиясы менен камсыз кылат.