Чүй ОИИББда Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча сабак өткөрүлдү
2025-жылдын 8-июль күнү Чүй облустук ички иштер органдарынын тергөө кызматынын кызматкерлерине кибер кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча окуу өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Чүй ОИИББнын башчысынын орун басары, милицияны полковниги Чынарбек Майлыбеков жана тергөө кызматынын кызматкерлери катышып, кызматкерлерге кибер кылмыштуулук жана электрондук мейкиндиктеги кылмыштуулукка каршы күрөшүү жолдору жеткирилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө электрондук мейкиндиктеги алдамчылык фактылары, санариптик жеке маалыматык уурдоо, төлөм карталардын маалыматтарын жана башка финансылык маалыматтарды уурдоо, корпоративдик маалыматтарды уурдоо жана кайра сатуу, кибер опузалоо сыяктуу темаларда боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Иш-чарада милиция кызматкерлери кибер кылмыштар менен натыйжалуу күрөш жүргүзүү жана ошондой эле кибер кылмыштарды аныктоо жолдору боюнча кеңири маалымат алышты.
