Талаптар катаалдашууда: жол эрежесин бузган айдоочуларды эмне күтөт?
27 март

Талаптар катаалдашууда: жол эрежесин бузган айдоочуларды эмне күтөт?

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Кыргызстанда 1-сентябрдан тартып жол эрежесин бузган айдоочулар токтотулган жерден жол эрежелери боюнча сынак тапшырышат. Бул жол коопсуздугун бекемдөө, айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана жол кырсыктарын азайтуу максатында жасалат. «Биринчи радионун» эфиринде Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа») айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусов менен ИИМ ЖКББ  басма сөз катчысы  Байказы Айткул уулу бул тууралуу маалымат беришти.

Байказы Айткул уулунун маалыматына караганда, 2024-жылы Кыргызстанда 1300дөн ашуун жол кырсыктары катталып, анда 2 миңдей жаран ар кандай жаракат алса, 110 жаран көз жумган. 2023-жылга салыштырмалуу  2024-жылы жол кырсыктарынын өсүү темпи байкалган. Бирок бир учурда  бир нече адам көз жумуп жана жабыркаган ири жол кырсыктары азаюуда. Ошол эле маалда жалпы жол эрежелерин бузуу фактылары актуалдуу бойдон калууда.

«Жол кырсыктарынын 91 пайызы айдоочулардын күнөөсү менен болот. Алар мамлекет шарттарды түзүп: жолдорду оңдоп, көчөлөрдү жарыктандырып бергенине карабай катуу ылдамдыкта айдоо, мас абалында рулга отуруу, алдыдагы автоунаа менен аралыкты сактабоо, бири биринен ашып өтүү ж.б. эрежелерди бузуу менен жол кырсыктарына кириптер болушууда. Бишкек жана Чүй облусу кыймылдын көптүгүнөн улам жол кырсыктары боюнча алдыда турат. Жалпы кырсыктын 38 пайызы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү менен коштолот. Жөө жүргүнчүлөрдүн өздөрүнүн эреже бузуусунан улам да жол кырсыктары катталган учурлар бар. Жолду туура эмес жерден кесип өтүшөт, коомдук транспортту күтүү маалында аялдаманын белгиленген чегинен чыгып кетишет ж.б.», – деди Айткул уулу.

Мындан улам, ал белгилегендей, өлкө жетекчиси тиешелүү тапшыраманы коюп, жол кырсыктарын азайтуу максатында айдоочулардын жоопкерчилигин дагы да жогорулатууга умтулууда.

Бактыбек Жунусовдун айтымында, 1-сентябрдан баштап жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон инспектор ага ошол жерден эле жол эрежелери боюнча суроолорду берет. Эгерде айдоочу туура жооп берсе, ал сапарын улантат, эгерде жооп бере албай калса, анда Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине квалификациялык сынак тапшырууга жиберилет, а автоунаасы аталган агенттиктин короосуна токтотулат. Буга чейин жол эрежесин 3 жолу одоно бузган жарандар квалификациялык сынак тапшырууга жиберилчү.

«Азыр айдоочуларга кийинки жолу дагы жол эрежесин бузууга мүмкүнчүлүк берип отурбай, биринчи жолкусунда эле сынак алынат. Сынакта 20 суроо берилет, аларга 25 мүнөт ичинде жооп бериши керек. 18 суроого туура жооп берсе, ийгиликтүү деп эсептелинет. Андан ары практикалык сынакка жолдомо алат, анда 8 этап каралган, 1 гана этаптан  өтө албай калса ийгиликтүү болуп эсептелинет. 2 же андан көп этаптан өтө албаса, анда ийгиликсиз», – деди башкы адис.

Ал белгилегендей, сынак тапшыруу үчүн айдоочу акы төлөйт. Биринчи сынакка – 500 сом, экинчи сынакка – 1000, үчүнчү сынакка – 2 миң сом. Эгерде үчүнчү сынактан да өтө албай калса, төртүнчү сынакка барат. Анын баасы – 4 миң сом.