Саламаттык сактоо министри: Заманбап ыкмаларды колдонуу зарыл
24 май

Саламаттык сактоо министри: Заманбап ыкмаларды колдонуу зарыл

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Ош шаардык клиникалык ооруканасына болгон иш сапары учурунда саламаттык сактоо тармагында заманбап ыкмаларды колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Министр Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан оорукананын негизги корпустарын кыдырып чыкты. Бул оорукананын имараты Кытай өкмөтүнүн грантынын негизинде курулуп, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Долбоордун жалпы наркы 181 миллион юань болгон. Комплекстин жалпы аянты — 23 500 м², ал эми имараттардын аянты — 12 500 м².

2019-жылы үч кабаттуу жаңы оорукана комплекси расмий ачылып, ал үч корпусту камтыйт: административдик, стационардык жана амбулатордук. Стационардык корпус 150 керебетке эсептелген, ал бейтаптарды шашылыш кабыл алуу жана дарылоо үчүн каралган. Бул бөлүмдө урология, жалпы хирургия (1-жана 2-бөлүмдөрү), травматология, нейротравматология, эндокринология, неврология, реанимация жана жардамчы бөлүмдөр — шашылыш медициналык жардам бөлүмү (ШМЖБ), клиникалык-диагностикалык бөлүм (КДБ), лаборатория, операциялык блок жана стерилизация бөлүмү жайгашкан.

Административдик корпуста кызматтык жана материалдык-техникалык бөлмөлөр, онлайн байланыш бөлмөсү жана илимий-изилдөөчү блок орун алган. Төмөнкү кабаттарда жардамчы бөлмөлөр: жылытуучу бөлмө, трансформатордук электр бөлүштүрүүчү бөлмө, дизель-генератордук агрегат орнотулган генератор бөлмөсү, кир жуучу жай жана диеталык ашкана жайгашкан.

Эркин Чечейбаев оорукана жетекчилигине Кытайда окутуудан өтүү үчүн талапкерлерди тандоодо калыс жана объективдүү болууга чакырып, эң квалификациялуу жана кесипкөй дарыгерлерге колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, министр медициналык мекемелердин инфраструктурасын оптималдаштыруу зарылдыгын белгилеп, негизги бөлүмдөрдү бир жерге топтоо керектигин айтты. Анткени ар кандай корпустарга же шаар ичинде ар кайсы имараттарга таратып жайгаштыруу бейтаптар үчүн ыңгайсыздык жаратып, логистиканы татаалдатат.