Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды
27 март

Жети-Өгүздө мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды

Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык объекттерди аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

КР УКМК Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында 1997-жылы Светлая-Поляна айылында жайгашкан аянты 257 чарчы метр (0,65 га жер тилкеси менен бирге) бала бакча жана 2011-жылы Дархан айылындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 150 чарчы метр күрөш залы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгын аныктаган.

Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында менчик ээлери өздөрүнүн социалдык объекттерге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде балдар бакчасынын имаратын жер тилкеси менен бирге Оргочор айылынын балансына жана балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин күрөш залын Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылынын балансына өткөрүп беришкен, тагыраагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объекттерди мамлекеттин менчигине кайтарышкан.