Кыргызстанда 430 көп кабаттуу ипотекалык үй курулууда
13 декабрь

Кыргызстанда 430 көп кабаттуу ипотекалык үй курулууда

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик ипотекалык программа алкагында курулуп бүткөн батирлер менен таанышты.

«МИК» ААК башкармалыгынын төрагасы Темиркул Балтабаев аткарылган иштер жана жетишкен жыйынтыктар тууралуу кеңири маалымат берди.

Учурда өлкө боюнча 430 көп кабаттуу турак үй, 40 205 батирдин курулушу жүргүзүлүүдө.