Кыргызстан менен Түштүк Кореянын агрардык тармактагы кызматташтыгы күчөп жатат
16 июнь

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын агрардык тармактагы кызматташтыгы күчөп жатат

«Кыргыз Агрохолдинг» ААКсында Кореянын Korea Agri-food Quality, Kyung Nong Corp. жана Kyrgyz Industrial Workforce Training Center компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Жолугушууда тараптар агроөнөр жай тармагындагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, тажрыйба алмашышты жана ар бир компания өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасады.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, акылдуу жана органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлерди окутуу жана тажрыйба алмашуу багыттарында кызматташтыкты көздөгөн Өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду. Тараптар мындан ары да биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жана айыл чарбасына инновациялык ыкмаларды киргизүү боюнча активдүү иштөөгө макулдашышты.

Меморандумга кол коюу — Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы агрардык кызматташтыкты бекемдеп, өлкөнүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болуп калды.