Ысык-Көлдө заманбап аэробекет комплекси активдүү курулууда
16 июнь

Ысык-Көлдө заманбап аэробекет комплекси активдүү курулууда

Кыргызстандын эң кооз аймагы - Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплексинин курулушу толук кандуу уланууда. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААКсы билдирет. 

Бул долбоор аймактын чыныгы архитектуралык жасалгасына айланат жана өлкөнүн туризм, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө карай маанилүү кадам болот.

Пландаштырылып жаткан имарат уникалдуу жана креативдүү дизайны менен үч кабаттуу болот, тактап айканда аэробекеттин өзү толкун формасында жасалып, бул символикалуу түрдө белгилүү Ысык-Көлгө жакындыгын чагылдырып турат.

Келечектеги терминал жөн гана транспорттук түйүн эмес, функционалдуулукту, ыңгайлуулукту айкалыштырган толук объект болуу менен, кенен залдар, панорамалык терезелер, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн алдыңкы технологиялары — мунун баары аймакта болгон алгачкы мүнөттөрдөн баштап жайлуулукту жана эксклюзивдүүлүктү жаратып турат.

Аэробекет заманбап коопсуздук системаларынан жана ыңгайлуу каттоо стойкаларынан баштап, эс алуу жайларына жана майыптар үчүн инфраструктурага чейин жогорку деңгээлдеги кызматты камсыз кылуу үчүн керектүү жабдуулар менен жабдылган.

Учурда комплекстин курулушу активдүү жүрүүдө.