Президент: Радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынат
8 ноябрь

Президент: Радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынат

Радикалдык элементтер менен күрөшүүдө диний ишмерлердин колдоосу талап кылынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн диний ишмерлер менен өткөргөн жыйындын жүрүшүндө билдирди. 

Мамлекет башчысы динге жамынып алып, тескери кеткендерди Муфтият тарбиялап, даават айтуу менен оң жолго салышы керектигин айтты.

"Ал эми “дааватты жоюп атат” дегендерге, даават жоюлбайт, тескерисинче, канчалаган жарандарыбыз даават уккандан соң оң жолго түшкөндүгүнө далилдер көп", - деди ал 

Белгилей кетсек, жыйындын алкагында “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. 

Жыйындын жүрүшүндө мамлекет башчысы мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун белгиледи. Ал бүгүнкү жыйында дагы бир жолу дыкат карап, электен өткөрүп, анан Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты.