Эмне үчүн Аида Салянова 11 жылдан кийин Камила Дүйшөбаеванын иши боюнча үн катты?
Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Салянова 2014-жылы болгон Камила Дуйшебаеванын өлүмү ачылгандыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Салянованын айтымында, убагында мени жаш кыздын өлүмүн саясатка аралаштырышып, кылмыш ачылбай калган.
учурда бул иш боюнча тергөө саясатташып кеткендиктен, чындыкты аныктоо жараяны кечеңдеген.
"Мага жеткен маалымат боюнча Камила Дуйшебаеванын өлүмү ачылды. Убагында мени каралоо максатында жаш кыздын өлүмүн саясатка аралаштырышып, кылмыш ачылбай калган. Бул окуя Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө кандай тиешеси бар? Ушул баракчамдан саат 20.30 да түз эфирге чыгам", - деп жазган ал.
Кийинчерээк экс-прокурор укук коргоо органдарынын өтүнүчү менен түз эфир жылдырылгандыгын билдирди.
"ИИМдин өтүнүчү менен тергөө кызыкчылыгына байланыштуу, маалымат берүүнү жылдырганга туура келди. Бир-эки жумадан кийин толук маалымат бергенге мүмкүнчүлүк болот деп ишенем", - деди ал.
Камила Дүйшебаева 2014-жылдын 10-мартында каза болуп, анын сөөгү бир жумадан кийин Байтик айылындагы көрүстөндөн табылган. Бул чуулгандуу иштин тергөөсү он жылдан ашык убакытка созулду.
Буга чейин Каракол шаарында дагы бир чуулгандуу кылмыш катталды: 27-сентябрда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айсулуу Мукашеванын жансыз денеси табылды. Бул ишке шектүү 1984-жылы туулган жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалды.
