Ош шаарынын мэри Казакстандын "Достук" ордени менен сыйланды
Ош шаарында Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин “Атам жөнүндө баян” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү.
Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарали Мадаминов катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстан Республикасынын президенти тарабынан 2-даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды.
Сыйлыкты Аида Балаева тапшырып, мэрге элдин достугун даңазалоодо Ош шаарында жасалган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин китебинин негизинде тартылган “Бауыр” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
