Өлкөдө тездик менен курулуп жаткан курулуштардын сапаты кандай? Талантбек Иманакунов жооп берди
25 ноябрь

Өлкөдө тездик менен курулуп жаткан курулуштардын сапаты кандай? Талантбек Иманакунов жооп берди

Кыргызстанда акыркы жылдары курулуш тармагы өнүгүүдө, көп кабаттуу үйлөр, социалдык имараттар биринин аркасынан экинчиси курулуп бүтүп, пайдаланууга берилип жатат. Саны көп, а сапаты кандай? Бул суроого курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакунов жооп берди. 

Айтымында, курулуштун сапаты акча каражатына түздөн түз көз каранды. 

“Курулушта эгерде каражат жетиштүү болсо, сапаты да мыкты болот. Эмнеге дегенде, мисалы, мурда ушундай болчу: кайсы бир имараттын курулушун баштайбыз деп, мезгил кутучасын салып, жерди казып, пайдубал куюшат. Андан аркысын улантууга акча жетпей, ошол бойдон калып кетет. Ал пайдубал жаанда, карда калат, ошентип сапатын жоготот. Экинчи жылы ошол эле имараттын дубалын тургузат, бирок дагы акча жок, андан ары иш уланбайт. Жаанда, карда калган кирпич дагы өзүнүн системасын жоготот. Консервация деп коет, ар бир курулуш эгерде убактылуу токтой турган болсо, үстүн толук жаап чыгуу керек. Бирок мамлекет курулушка акча таап бере албай жатса, консервация кылганга мүмкүнчүлүгү болмок беле дегендей да”, – деди ал. 

Ал белгилегендей, учурда курулуш токтоп калбай, бир башталгандан кийин акырына чыгып жаткандыктан, сапаты дагы ошого жараша жакшы болууда. Ошондой эле бир канча жыл мурда башталып, бирок токтоп калган курулуштарды улантууда аталган министрликке караштуу сейсмологиялык туруктуулук боюнча институт  курулуштун акыбалын текшерип, сапатын жоготтубу же жоготкон жокпу – анализдеп, жыйынтык чыгарышкандан кийин гана андан аркысына өтүп жатышканын билдирди.