Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ысык суу жана жылуулук убактылуу өчүрүлөт
13 декабрь

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө ысык суу жана жылуулук убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин Москва, Абдрахманов, Бөкөнбаев жана Шопоков көчөлөрү менен чектешкен аянтта бүгүн, 13-декабрда 1979-жылкы түтүкчөлөрдүн бузулушун жоюуга байланыштуу саат 09:00дөн  16.00 гө чейин жылуулук жана ысык сууну убактылуу өчүрүү пландалууда.

Мэриядан билдиришкендей, өчүрүү даректери:

Москва көч., 86;
Абдрахманов көч.,  125/1, 119, 105/1, 105/2, 105/3;
Үсөнбаев көч., 26 (2 квартал), 37, 41 (БУУ), 40 (№1 төрөт үйү);
Шопоков көч., 34, 36;
Бөкөнбаев көч., 61.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздык үчүн түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.