Кадамжайда Нургазиев каналын реконструкциялоо иштери башталды
25 ноябрь

Кадамжайда Нургазиев каналын реконструкциялоо иштери башталды

Кадамжайда Нургазиев каналын реконструкциялоо иштери башталды, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы.

Исхак Полотхан айыл аймагы менен Молдо Нияз айыл аймагынын Алга айылын аралап өткөн канал 10 кубка кеңейтилет.

Жалпы узундугу 35 км болгон каналдын курулушу Бүткүл Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун суммасы 425 млн 569 миң сом.

Канал 5 миң гектар жерди суугарып келген. Курулуш иштери аяктаса 5 миң гектар жерге суу берүү жакышырып, 500 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлөт.

Бул долбоор 2029-жылы бүткөрүү пландалууда. Курулуш иштерин Кытай компаниясы менен ата мекендик компания аткарат.

Белгилей кетсек, канал 1978-жылы пайдаланууга берилип, учурда эскилиги жетип, суу жоготууга учурап, натыйжада суу тартыштыгы пайда болгон.