КР ТИМ башчысы Германиянын элчисин дипмиссиясы аяктаганына байланыштуу кабыл алды
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 16-июнда Германиянын элчиси Габриелла Геллилди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.
Кулубаев элчинин Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоого кошкон өзгөчө салымын белгиледи.
