Чүй ОИИББнын башчысы кызмат учурунда көрсөткөн эрдиги жана кесипкөйлүгү үчүн бир катар милиция кызматкерлерин сыйлады
9 июль

Чүй ОИИББнын башчысы кызмат учурунда көрсөткөн эрдиги жана кесипкөйлүгү үчүн бир катар милиция кызматкерлерин сыйлады

Бүгүн Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдырахманов коомдук коопсуздукту камсыздодо кошкон салымы жана ошондой эле адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралган кырдаалда кайраттуулуктун жана кесипкөйлүктүн үлгүсүн көрсөтө алган милиция кызматкерлерин сыйлады.

Бул иш-чарада К.Абдырахманов милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин эрдиктери башка кызматкерлер арансында өрнөк болушу керектигин белгиледи.

Эске салсак Чүй облусунун ЖКККБнын эки кызматкери 2-июль күнү Чүй районунун ооруканасынын жанында кичинекей кыз дем алалбай жатканын байкап калышып, дароо жардамга келишип кичинекей кыздын тамагынан тыгылып калган бал муздактын таякчасын алып чыгышып убагында жардам көрсөтүшсө, 7-июль күнү Чүй ОИИББнын туристтик милиция взводунун эки кызматкери, Ала-Арча жаратылыш паркында кызмат өтөп жүрүшүп тоодон кулап жаракат алган чет өлкөлүк туристке алгачкы жардам көрсөтүшүп, андан соң шаардык ооруканга жеткиришкен.