Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө салынган тыюу узартылды
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, борбор калаанын Ала-Тоо аянтында 30-июнга чейин тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салынды.
"Ала-Тоо аянты да митинг жана жөө жүрүштөрдү өткөрүү жайына айланды, ал жерде жарандар өлкө жетекчилигине өз талаптарын айтып келишет. Аянтка жанаша стратегиялык маанидеги имараттар жана курулуштар жайгашкан. Ушуга байланыштуу акимчилик Ала-Тоо аянтында 1-апрелден баштап 3-июнга чейин мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Бир гана мамлекеттик жана муниципалдык иш-чараларга уруксат берилет", — деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.
