Боз тизме (Серый список): Россияда легалдашууну каалаган мигранттар эмнелерди билиши керек
Россияда легалсыз жүргөн башка өлкөнүн жарандары ушул жылдын 30-апрелине чейин статусун жөндөп алууга мүмкүнчүлүгү бар. Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Миграция маселелери жана адам сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңешинин Катчылыгынын эксперти Нургүл Кадиркулова белгилегендей, бул Россия президентинин 2024-жылы чыгарган №1126 жарлыгынын негизинде болууда.
«Россиянын аймагында каттоосу туура эместигинен же башка себептерден улам легалсыз жүрүүгө аргасыз болгон жарандарга 1-февралдан 30-апрелге чейин бардык документтерин жөндөп, мыйзам талаасында легалдаштырып алууга мүмкүнчүлүк берилди. Жаран өзүнүн Россия аймагындагы статусун билүү үчүн үч жолду колдонсо болот: Жарандарды чет өлкөлөргө жумушка орноштуруу борборунун Мигрант.kg сайты, КР ТИМине караштуу сайт жана РФтин ИИМине таандык сайт. Андан тышкары тез байланыш номери иштейт – 1899. Мына, ушул жактардан мигранттардын кара жана боз тизмелерин карап, өзүнүн кандай статуста экенин текшерип алууга болот», – деди Кадиркулова.
Айтымында, боз тизмеге олуттуу эмес, майда эреже бузууларга барган жарандар түшөт. Жаран өзүнүн боз тизмеде экенин аныктагандан кийин, ал эгерде Москва шаарында же Москва облусунда иштесе, Сахарово көп функционалдуу миграциялык борборуна барышы керек.
«Барган жаран сөзсүз түрдө «президенттин №1126 жарлыгы менен өлкө аймагында жүргөнүмдү легалдаштыруу максатында келдим» деп айтууга тийиш. Бул маселесин жеңилдетилген процедуралар менен чечип алуу үчүн зарыл нерсе. ЕАЭБдин жарандарына талаптар кыскартылган, алар медициналык текшерүүдөн өтүшөт, биометрикалык маалыматтарын тапшырышат, айыппулу бар болсо, аны төлөйт, болду. Андан соң ага «статусу легалдаштыруу абалында» деген тастыктама берилет. Ошол тастыктама менен өзү жашаган аймактагы ИИМ бөлүмдөрүнө барып каттоого турат», – деп белгиледи.
Ошондой эле Нургүл Кадиркулова статусун легалдаштырууну каалаган жарандарга төмөнкүдөй кеңеш берди:
«Сөзсүз түрдө жаныңыздарда эгерде расмий иштеп жаткан болсоңуздар, эмгек келишимиңиздер болушу шарт. Боз тизмеге түшкөндөрдүн көбүнесе банк карталары бөгөттөлүп калат, ошондуктан накталай акча алып алыңыздар, анткени, айыппулду жеринде төлөп, маалыматты толук алып, документтериңиздерди түздөөгө мүмкүнчүлүк жаралат. Акыркы маалыматтарга караганда, боз тизмеде 85 миңдин тегерегинде кыргызстандык мигранттар бар. Башка өлкөлөрдүн дагы миңдеген жарандары статусун легалдаштырууга умтулат. Ошондуктан, кыргызстандыктарга айтат элем: миграциялык борборлорго барганда киши көп болот, оройлукка барбай, сылык мамиле жасап, маселеңиздерди сабырдуулук менен чечип алсаңыздар».
Ал Россияда мигранттар расмий келишим менен иштеп, ошондой эле батирди ижарага алганда батир ээси менен дагы кагаз жүзүндө келишим түзүп алса, легалдашуу процесси жеңил болоорун кошумчалады.
