Жээнбек Кулубаев “Индия – БА” диалогунун IV министрлер жыйынына катышат
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 5-6-июнь күндөрү “Индия – Борбордук Азия” диалогунун 4-министрлер жыйынына катышуу үчүн Индияга барат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын алкагында региондун бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда “Индия – Борбордук Азия” бизнес форуму өтөт.
Диалогдун министрлер сессиясында Индия менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын негизги багыттарын, атап айтканда, байланыш, аймактык коопсуздук, туруктуу өнүгүү жана технология маселелерин талкуулоо пландалууда.
Сапардын алкагында КР Тышкы саясий ведомствосунун башчысынын Индиянын тышкы иштер министри С. Жайшанкар менен, ошондой эле индиялык тараптын башка жогорку даражалуу өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган.
