С.Каралаев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду
27 март

С.Каралаев көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштарга уруксат берген кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышына жүргүзүлгөн текшерүүдө, курулуш тармагындагы мамлекеттик контролдоочу органдардын кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын С.Каралаев көчөсүндөгү (Суеркулов көчөсүнөн Койбагаров көчөсүнө чейинки аралыктагы) жалпы пайдалануудагы жерлер болуп эсептелинген аймакта курулган эс алуу, автоунаа жуугуч жана башка ар кандай объектилерин долбоорлоого жана курууга уруксаат берилүүчү документтер мыйзамсыз даярдалып берилгендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.