Кыргызстанда апта аягына чейин туруксуз аба ырайы сакталат
Кыргызстандын аймагында 2025-жылдын 28-мартында жана 29-мартында түнкүсүн туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлайт.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
28-30-марттарда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.
