Ирандан Азербайжан аркылуу 28 кыргызстандык эвакуацияланууда
Чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун жана укуктарын, ошондой эле кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында КР Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Ирандагы жана Азербайжандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарын эвакуациялоо боюнча иш-чаралардын комплексин уюштурду.
Координацияланган жана ыкчам аракеттердин натыйжасында Кыргыз Республикасынын 28 жараны Иран Ислам Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек аранын кургак тилкесинин "Астара" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу ийгиликтүү кесип өттү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эвакуацияланган жарандардын коопсуз транзитин камсыз кылган ар тараптуу көмөк, жогорку деңгээлдеги уюштуруу жана конструктивдүү өз ара аракеттешүүсү үчүн Азербайжан тарапка ыраазычылык билдирет.
Учурда Азербайжандан эвакуацияланган жарандардын жакынкы күндөрү Кыргызстанга тез арада кайтып келиши үчүн зарыл болгон чаралар көрүлүүдө.
