Алайга Ысык-Көлдөн “Пикассо” картошкасынын үрөнү алынып келинди
Ош облусунун Алай районуна Ысык-Көлдөн картошканын уругу алынын келинди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, картошканын уругун жаңылоо жана анын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Ысык-Көл облусундагы "Султан Темир" үрөн өндүрүүчү кооперативинен 25 миң кг 2-репродукциядагы "Пикассо" сортундагы картошка үрөнү алынып келинип, райондун дыйкандарына таркатылды.
Бул иштер Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.
"Пикассо" картошка сорту голландиялык тандоонун жаркын өкүлү болуп саналат. Голландияда өстүрүлгөн башка сорттор сыяктуу эле, ал жакшы даамы жана жогорку түшүмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.
Көптөгөн багбандардын айтымында, "Пикассо" сорту ар кандай аба ырайынын шарттарына чыдамдуу келет.
