Депутат Курулуш министрлигин бюрократияга айыптады
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Шаар куруу, архитектура жана курулуш ишинин негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Депутат Илимбек Кубанычбеков Курулуш, архитектура жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишмердүүлүгүнө сын айтып, ал жактагы бюрократия бекитилген объектилердин курулушун кармап жатканын билдирди.
Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов курулуштардын кармалышы бюрократияга эмес, жерди трансформациялоого байланыштуу экенин белгиледи.
“Айыл жергесиндеги социалдык объектилерди куруудагы башкы көйгөй – жерди трансформациялоо болуп турат. Бул процесске абдан көп убакыт кетет. Биздин министрликте долбоордун карала турган мөөнөтү бар – 20 күн, биз өзүбүзгө бөлүнгөн убакыт аралыгында бүткөрүүгө аракеттенебиз”, – деди ал.
Бирок депутат министрликте иш 20 күндө эмес, 2 айда каралаарын айтты.
“20 күн ичинде тиешелүү жообун бербей, долбоорду кароо процессин создуктурган кызматкерлериңиздерге кандай чара көрүлөт?” – деп сурады.
Турдугуловдун айтымында, көңүлкоштукка барган кызматкерлерге административдик чаралар каралган: эскертүү, сөгүш берилет, айрым учурда жумуштан да кетирилет.
