Кыргызстан өзөктүк конвенцияларга кошулууну талкуулоодо
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария жөнүндө оперативдүү кабарлоо тууралуу конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» жана «1986-жылдын 26-сентябрында Венада кабыл алынган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал учурунда жардам берүү жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу» мыйзам долбоорлору каралды.
Демилгечи – Министрлер кабинети.
Мыйзам долбоорлору менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова тааныштырып:
«Бүгүнкү күндө өнөр жайда, медицинада колдонулуучу, айлана-чөйрөгө жана өлкөнүн калкына өзгөчө коркунуч туудурган көптөгөн жогорку деңгээлдеги радиоактивдүү нурлануу булактары бар. Радиациялык булактарды жана аны менен байланышкан объекттерди пайдаланууда адамдардын коопсуздугун камсыздап, айлана-чөйрөнү ар кандай радиациялык коркунучтардан коргоону камсыз кылуу өтө маанилүү», – деди.
Ал ошондой эле конвенцияга кошулуу калктын коопсуздугун камсыздоо, чет жактагы ядролук кырсыктар тууралуу ыкчам маалымат алуу, техникалык жана маалыматтык колдоого ээ болуу, өзгөчө кырдаалдарда башка мамлекеттер жана эл аралык өнөктөштөр жана ыкчам кызматтышуу, радиациялык коопсуздук жаатында илимий-техникалык потенциалды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Талкуу маалында депутат Жалолидин Нурбаев өлкөдөгү уран калдыктары сакталган жайлар тууралуу сурап, аларды утилдештирүү иштерине кызыкты. Депутат Акбөкөн Таштанбеков уран калдыктары сакталган жайларды заманбап технологиянын жардамы менен кайрадан изилдөө маселесин ортого салды. Эл өкүлү Дастанбек Жумабеков кен казуу, калдыктарды сактоочу жайларды курууга уруксат берүүдө экологиялык талаптарды бекем сактоого чакырды. Депутат Нилуфар Алимжанова конвенциянын алкагында башка мүчө мамлекеттерден жардам алуунун жол-жобосун тактады. Ал эми комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев мүчөлүк төлөмдөр тууралуу суроо узатты.
