Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга эскертет
27 март

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга эскертет

Жолдун түзүмүн жакшыртуу максатында оңдоп түзөө иш-чаралары жүрүп жаткандыгына байданыштуу Бишкек шаары жана Чүй облусунда айрым көчөлөр жабык.

Алар:

  • Жибек-Жолу көчөсү Лермонтов көчөсүнөн Буденный көчөсүнө чейин түштүк тарабы жабылып, түндүк тарабы убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
  • Жаш Гвардия бульвары Бөкөнбаев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин батыш тарабы жабылып, чыгыш тарабында убактылуу эки тараптуу кыймыл жүргүзүлөт;
  • Медеров көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин убактылуу жабык.

Ошондой эле Чуй облусунун аймагында:

  • Бишкек-Кант жол тилкеси, түндүк тарабы жабылып, түштүк тарабы убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулууда;
  • Лебединовка-ГЭС 5, “Алма-Ата-Бишкек- Ташкент” (айланма жолунда) ондоп түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде унаа каражатына чектөөлөр киргизилген жок.

Убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, сапарыңызды алдын ала мерчемдөөнү сунуштайбыз.