«Ак-Тилекте» 2,5 млн сомдук мөөнөтү өткөн таттуулар аныкталды
видеодон алынган кадр
22 сентябрь

«Ак-Тилекте» 2,5 млн сомдук мөөнөтү өткөн таттуулар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан «Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда рейддик салыктык көзөмөл жүргүзүлүп, консолидацияланган жүк ташып бара жаткан Scania үлгүсүндөгү автоунаа текшерилди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, текшерүүнүн жүрүшүндө Skittles, M&M’s, Snickers, Mars жана Twix соода маркаларына таандык 263 куту кондитердик азык аныкталды. Алардын арасында жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарлар да бар.

Продукциянын алдын ала баасы 2 млн 500 миң сомдон ашык экени аныкталды.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдарга укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы керектөөчүлөрдүн, өзгөчө балдардын ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен продукциялардын жүгүртүүгө чыгарылышына жол бербөө боюнча ишти улантууда.