РФтин мигранттардын балдарын тестирлөө мыйзамы тууралуу: ЕАЭБдин нормаларына туура келбейт
27 март

РФтин мигранттардын балдарын тестирлөө мыйзамы тууралуу: ЕАЭБдин нормаларына туура келбейт

Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн кыргызстандык мигранттардын медициналык камсыздандыруу маселеси канчалык деңгээлде чечилди? Бул боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрилигинин Миграция саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов айтып жатып, маселе сүйлөшүү этабында экенин белгиледи. 

«Биз азыр орустар менен милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) маселесин чечүүгө аракет кылып жатабыз. Негизи ОМС бизден барган мигранттарга иштейт, биз аларды мигрант деп атайбыз, ал эми ЕАЭБде эмгекчилдер деп көрсөтүлгөн, ЕАЭБдин нормаларына ылайык эмгекчилдерге жана анын үй-бүлөсүнө эмгектенип жаткан өлкөсүндө милдеттүү медициналык камсыздандыруу көрсөтүлүүсү шарт. Бирок биз азыр чечүүгө умтулуп жаткан маселе – ОМС иштеп жаткан мигрантка тиешелүү, ал эми анын мисалы, аялына жана балдарына иштебейт. Ушул норма боюнча көп аракет кылуудабыз, бирок азыркы убакка чейин аягына чыга элек. ЕАЭБдеги миграция комитетине кайрылып, бул ЕАЭБ нормаларына каршы келип жатканын билдиргенбиз. Ал жактан орус мамлекетине кайра карап чыгуу боюнча тапшырма берилген», – деди Бейшенов. 

Ал белгилегендей, ЕАЭБдин курамына кирген беш өлкө ич ара товар, жумушчу күчүн өткөрүү жаатында макулдашкан. Анда 4 эркиндиктин болушу бекитилген, анын бири – жумушчу күчтүн эркин жылып жүрүшү. Мындан улам, Бейшенов Россиянын мигранттардын мектепке окуй турган балдарына тестирлөө киргизүү талабы дагы, кыргызстандык мигранттарга карата туура эмес болуп калганын белгилейт.